Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КАРА КЫТАЙ
 

КАРА КЫТАЙ

 
КАРА КЫТАЙ — этноним. «Манас» эпосунда кыргыздардын кытай деген этноним менен аталган эпикалык башкы душманы. «Кыргыз элинин бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып сүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя 10-кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн Кара-Кытайлардын (алардын дагы бир аты — кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет... Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын «кара кытай», «кытай» деп аталышы, тилде да «кара кытайдай каптап» деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес» — деп Б. М. Юнусалиев көрсөтсө, Б. Жамгырчинов да «Манас» эпосунун алгачкы тарыхый негизи К. к-лардын чабуулдарына каршы күрөшү мезгилинде пайда болгондугун белгилейт. Орхон-Эне-Сай жазууларында К. к. түрктөрдүн чыгышында жайгашкан күчтүү душманы катары бир нече ирет эскерилген. Ал кытай жазмаларында 8-кылымдан тартып белгилүү. К. к-лар алгач Манжуриянын түштүгүн мекендеген эл. Мусулман жазууларында К. к. жалпы эле кытай деген түшүнүктө колдонулган. 10-кылымдын башында 916-ж. ченде (тунгус, кээ бир булактарда моңгол тилинде сүйлөгөн эл К. к-лар Тынч океандан тартып, түндүгү Байкөл (Байкал), түштүк - батышы Тянь-Шанга чейинки аралыкты ээлеген күчтүү империяны түзгөн. В. В. Бартольд менен А. Г. Малявкиндин маалыматгары боюнча К. к. сулалесинин борбору Түндүк Кытайда болуп, ал Ляо (Кытай жазмаларында) деп аталган. Сулалени негиздеген Абаоцзи (Ила-Абула) 840-ж. эне-сайлык кыргыздардын карамагында болгон Түн. Моңголияны басып алып, Ордо Балыкты талкалап, бийлигин чыгыш Түркстанга чейин кеңейтет. Орхондогу Билге канга арнап тургузулган эстеликти бузуп, өзүн даңазалаган жазууну чегүүгө буйрук кылат. Кытайда кыйла мезгилге чейин бийлик жүргүзгөндүктөн, кытай маданиятын дээрлик кабыл алат. Түш. Кытайдагы Сун сулалесинен алман алып да турган. 1125-ж. тунгус тилинде сүйлөгөн чжурчжендер Сун сулалеси менен биригип К. к-лардын сулалесин жок кылат. Елюй Да-ши башчылык кылган К. к-лардын тобу Орто Азияны басып кирип, Си Ляо (Батыш Ляо) деген мамлекетин түзөт. К. к. империясынын башында Гуркан аттуу башкаруучусу болгон. Мусулман жазууларында Гуркан « Кандардын каны» деген маанини билгизген. К. к-лар маникей дининде болушкан. К. к-лардын батышка карай келиши эки жол менен өтөт.
К. к-лардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан аркылуу өтөт. Бирок ал Табгач кан Хасандын уулу Кашкарлык Арслан кан Ахмедден сокку жеп, кол башчысы анда өлгөн. Бул согуш 1128-ж. болгон деп болжолдонот. Араб жазуу булактарында мусулман элдеринин ичинен К. к-ларга биринчи болуп Баласагун кан баш ийген деген кабар айтылат. Ибн Ал-Асирунын маалыматында 16 миңден турган К. к-лардын бөлүгү Жети-Сууга Арслан кандын (Сулеймандын) мезгилинде эле келип орношуп, кийин жергиликтүү көчмөн калктар менен сиңишип кеткен. К. к-лар эпосто кыргыз элинин айыгышкан жоосу иретинде сүрөттөлөт:
«Биздин кыргыз аз болот,
Кара кытай, манжу журт
Биздин журтка кас болот» (Саякбай Каралаев, 2. 8).
Тегерегин карабай
Алоокенин Коңурбай
Чымын жанын аябай
Каңгайдын дөөсү өлгөндө
Мен эмне болом — деп,
Кара кытай көп журтум
Кай бетим менен көрөм — деп (Курама варианты, 2. 217).

К. к-лар 10-кылымда Чыгыш Түркстандагы көчмөн калктар сыяктуу эле Чынгыз кандын мамлекетине туруштук бере албай, өзүлөрүнүн мамлекеттик абалынан ажырап, кийин казак, кыргыз элдеринин калыптанууу процессинде аралашып кеткен. Балким, кыргыз элинин уруулук курамында кытай, манжу деген эски аттардын сакталып калышы, ушул тарыхый факты менен да түшүндүрүлүшү мүмкүн.
К. к-лардын «Манас» эпосунда эпикалык душман катарында чагылгандыгына колубузда болгон анын көптөгөн варианттарына караганда 16-кылымдын башында жазылып калган «Мажму ат-таварих» кол жазмасы көбүрөөк ишенимдүү маалыматтарды берет. Кол жазмадагы Манас баатыр жөнүндөгү окуялар менен кыргыз уруулары тууралуу тарыхый-этнографиялык маалыматтар эпостун тарыхый жана анын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоо боюнча маанилүү фактыларды берет. «Мажму ат-таварих» боюнча Манас баатырдын негизги душманы Жолойдун тарабында солон, шибе элдери катышкандыгы айтылат. «Манас» эпосунун кийинки варианттарында да кыргыздын башкы душмандары болгон калмак-кытайлар жаатында солон, шибе деген элдин өкүлдөрү катышат. Демек, солон, шибе деген конкреттүү элдердин ысымдары салттык түрдө сакталып келатышы да бекеринен эмес. Бул элдердин өткөндөгү тарыхы да К. к-лар менен байланышат. Мына ошол «Мажму ат-таварихте» сүрөттөлгөн Жолой менен К. к-лардын башчысы Елюй Да-шини бир адам деп эсептөөгө болот. К. к-лардын негизги бөлүгү (жаңы келишкенде) азыркы Түн. Кыргызстандын аймагына жайгашып калышкан. Алардын калдыгы «кара-кытай», «кытай» деген ат менен кыргыз элине кошулган. Чаткал кыргыздарынын арасында «кара-кытай» уруусунун басымдуу болушу бекеринен эмес, уламыштарга караганда алардын Чаткал өрөөнүндө Күлбөскан деген башкаруучусу болгон экен. Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп турган кезде (9—10-к.) баскынчылык кылган К. к-лардан жапаа тартышы, быты рандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы «Манас» жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн.
Ө. Караев, С. Сыдыков



Хотите добавить свой перевод для слово: "КАРА КЫТАЙ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru